# 19-берене. Текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, макулдашуу жана бирдиктүү эсепке алууну жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 19-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-19

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ар жылдык планын макулдашуу Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде прокуратура органдары ишке ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн бирдиктүү эсепке алуу функциялары тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарынын аймактык бөлүктөрүнө жүктөлөт.

3. Прокуратура органдары жүзөгө ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсепке алуунун жыйынтыгы жана тийиштүү сунуштамалар Башкы прокурордун Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүчү ар жылдык отчетунда чагылдырылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-20)
