19-берене. Текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, макулдашуу жана бирдиктүү эсепке алууну жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 3-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ар жылдык планын макулдашуу Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде прокуратура органдары ишке ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн бирдиктүү эсепке алуу функциялары тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарынын аймактык бөлүктөрүнө жүктөлөт.
3. Прокуратура органдары жүзөгө ашыруучу текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсепке алуунун жыйынтыгы жана тийиштүү сунуштамалар Башкы прокурордун Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүчү ар жылдык отчетунда чагылдырылат.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-19" title="19-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>