# 18-берене. Документтерди жана маалыматтарды алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 18-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-18

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин пландык же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынан макулдук алганда, ушул текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн ичинде, текшерүүнүн предметине тийиштүү документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн алуу үчүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жайгашкан жерде аларды иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына суроо-талап жиберет.

2. Суроо-талапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын тизмеги жана суроо-талапты аткаруунун мөөнөтү камтылууга тийиш.

3. Суралып жаткан документтер жана маалыматтар текшерүү жүргүзүү предметинин алкагынан чыгууга тийиш эмес.

4. Суроо-талапта көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар мөөр басылып күбөлөндүрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин колу коюлуп, көчүрмө түрүндө берилет. Суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суроо-талап боюнча документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилей турган мөөнөт 5 жумушчу күндөн кем эмести түзөт.

6. Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусуна, жарандардын жашоо-турмушуна жана ден-соолугуна кооптуулуктун келүүсүнө, ошондой эле жарандардын укуктарынын массалык бузулушуна алып келүүчү мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурларда документтерди жана маалыматтарды берүүнүн мөөнөтүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыскартуусуна жол берилет.

7. Эгерде документтер жана маалыматтар мурда берилсе же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланса же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жайгаштырылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сурап жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн бербейт. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы суроо-талапка жооп иретинде тийиштүү документтердин жана маалыматтардын расмий жарыяланган же жайгаштырылган булактарын билдирет.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-19)
