17-берене. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 2-глава
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн натыйжалары, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар текшерүү аяктагандан кийин бир айдын ичинде тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жана/же маалымат тактайчаларында жайгаштырылууга жатат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар тууралуу текшерүү жүргүзүлгөндөн күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү кеңешке маалымдоого милдеттүү, ошондой эле текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде ошол мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө жергиликтүү кеңешке маалымдоого милдеттүү.
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-17" title="17-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>