# 16-берене. Текшерүүнүн натыйжасын тариздөөнүн тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 16-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-16

---

1. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерген кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы акт эки нускада түзүлөт.

2. Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) актыны түзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) датасы жана номери;

4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат орду, фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги;

6) текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

7) текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамынын (адамдарынын) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдардын талаптарын талаптагыдай аткаруусу жагында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтары;

9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат;

10) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрү;

11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы тууралуу маалыматтар, анын койгон колу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткаруучу адам кол коёт;

12) текшерүүнү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын койгон колу.

3. Документтердин көчүрмөлөрү, документтердин үзүндү көчүрмөлөрү, материалдарды алгандыгы тууралуу актылар, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдору бар болсо, алар актыга тиркелет.

4. Алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн, материалдардын, тиркемелердин аталыштары жазылган актынын бир нускасы колун койдуруп алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат.

5. Текшерүүнүн натыйжаларына карабастан, текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыга кол коет. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнүн каршы пикирин жазуу менен актыга кол коюуга милдеттүү болот.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каршы пикирлерин жүйөлөштүрүп чечмелеген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн жана документтерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыны алган күндөп тартып 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча жиберет.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын анын каршы пикирине жообу менен макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко текшерүүнүн натыйжаларынын актысына даттанат.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-17)
