# 15-берене. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 15-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-15

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерүүнү жүзөгө ашырууну баштаганга чейин, текшерүүлөрдү эсепке алуунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында жүргүзүлүүчү китебине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүүнү каттоого милдеттүү.

2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүү жүргүзүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасын;

3) текшерүүнүн негиздөөсүн жана предметин;

4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, ысымын жана атасынын ысымын;

5) текшерүү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн аталыштарынын тизмегин.

3. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү ага каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

15-берене. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерүүнү жүзөгө ашырууну баштаганга чейин, текшерүүлөрдү эсепке алуунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында жүргүзүлүүчү китебине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүүнү каттоого милдеттүү.

2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүү жүргүзүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасын;

3) текшерүүнүн негиздөөсүн жана предметин;

4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, ысымын жана атасынын ысымын;

5) текшерүү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн аталыштарынын тизмегин.

3. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү ага каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 "Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-16)
