# 14-берене. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311#diff=1246462..1246463>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 14-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-14

---

1. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылган күндөн тартып башталат.

2. Пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 20 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) менен бир жолу узартылат.

3. Пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кошумча чечими (тескемеси, буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча пландан тышкаркы текшерүүнү жана кайра текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылат.

4. Контролдук текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 5тен ашпаган жумушчу күндү түзөт.

5. Текшерүүнүн бүткөрүлгөн мөөнөтү деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн текшерүүнүн бүткөрүлүш датасы эсептелет. Эгерде текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт чечимде (тескемеде, буйрукта, жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн текшерүү датасы бүткөнгө чейин тапшырылса, жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө акт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылган дата текшерүү бүткөрүлгөн күн деп эсептелет.

6. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин текшерүү жүргүзүүгө жол берилбейт. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына андан ары текшерүүнү жүзөгө ашырууга жол бербейт.

(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-15)
