# 13-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруусунун тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 13-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-13

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) текшерүү жүргүзүү тууралуу чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адамдын (адамдардын) фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

4) текшерүү жүргүзүү пландаштырылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги;

5) жүргүзүлө турган текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү;

6) текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги;

7) текшерүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдеринде прокуратура органдары менен макулдашуунун датасы кошумча көрсөтүлөт.

4. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимге (тескемеге, буйрукка, жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) көчүрмөсү текшерүү жүргүзүлөөрдүн алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн адамдарга гана текшерүү жүргүзүүгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-14)
