# 12-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 12-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-12

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды айкындоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар айкындалганда текшерүүчү органдын кызмат адамы мыйзамдардын бузулган ченемин актыда көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемин бузуунун предметин жана маңызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечмелеп берүүгө милдеттүү.

3. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Контролдук текшерүү пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө айкындалган мыйзам бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан четтетилгенин аныктоо максатында гана жүргүзүлөт жана ушул милдеттин алкагынан чыкпоого тийиш.

4. Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө белгилүү болгон мыйзам бузуулар четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таасир көрсөтүүнүн ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген чараларын аныктайт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-13)
