# 11-берене. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлоо

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111311)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 32 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2131/edition/1246461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111311/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, 11-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-11

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бул текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына пландык текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо шартында пландык текшерүүнү жүзөгө ашырат.

2. Контролдук текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр тийиштүү текшерүү жүзөгө ашырылуучу күнгө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоо шартында жүзөгө ашырылат.

3. Пландан тышкаркы текшерүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиленген тартипте прокуратура органы менен макулдашылган жазуу жүзүндөгү чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына берген күнү жүзөгө ашырылат.

4. Пландык текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарлоосунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы;

2) иши текшерилүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери;

3) текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктүн) аталышы;

5) текшерүүчү кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары.

5. Кабарлоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен тапшырык кат же телефонограмма түрүндө жөнөтүлөт же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жооптуу кызмат адамына кол койдуруп алуу менен тапшырылат.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары текшерүүнү жүзөгө ашыруу тууралуу кабарлоону ушул беренеде белгиленген тартипте албаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын текшерүүнү жүзөгө ашыруусуна жол бербөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111311/st-12)
