Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 31.03.2016 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1503-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "өзгөртүүгө," деген сөздөн кийин "республикалык" деген сөз менен толукталсын;
2) 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Демилгечи топ каттоо жөнүндө арызда демилгечи топтун аталышын көрсөтүүгө укуктуу.";
3) 8-беренеде:
6-бөлүгүндө "жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: "7. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз сайтына үч жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып демилгечи топ он жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин республикалык газеталардын бирине жарыялоого милдеттүү.";
4) 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кол топтоо демилгечи топ тарабынан мыйзам долбоорунун тексти республикалык газеталардын бирине жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин башталат жана кол топтоо жол-жоболору башталган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин аяктайт. Кол топтоо мыйзам долбоорун колдогон он миң жана андан ашык кол коюлганда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.".
Берененин тексти 31.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 212
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111310/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>