# КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2130/edition/709617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111310

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 31-марты № 31 "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111310/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1503-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы "өзгөртүүгө," деген сөздөн кийин "республикалык" деген сөз менен толукталсын;

2) 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Демилгечи топ каттоо жөнүндө арызда демилгечи топтун аталышын көрсөтүүгө укуктуу.";

3) 8-беренеде:

6-бөлүгүндө "жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: "7. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз сайтына үч жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып демилгечи топ он жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин республикалык газеталардын бирине жарыялоого милдеттүү.";

4) 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кол топтоо демилгечи топ тарабынан мыйзам долбоорунун тексти республикалык газеталардын бирине жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин башталат жана кол топтоо жол-жоболору башталган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин аяктайт. Кол топтоо мыйзам долбоорун колдогон он миң жана андан ашык кол коюлганда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111310/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
