# КР 2016-жылдын 26-мартындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 26-мартындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2128/edition/707354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 26-мартындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111308

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 26-марты № 29 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111308/st-1)

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-берененин биринчи абзацында "анын 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине чегерилет" деген сөздөр "анын 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине, 10 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине чегерилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 32-берененин 4-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Анын ичинен 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине, 10 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине чегерилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111308/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111308/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
