# 1-берене

- Документ: [Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111302)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 23 "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111302/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2122/edition/706013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111302/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111302/st-1

---

"Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы укуктук мамилелерди белгилейт.";

3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";

4) 3-статьянын он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана калыбына келтирүү жагындагы эл аралык келишимдерди сактоо.";

5) 5-статьяда:

а) аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана жеке" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өзгөчө жаратылыштык коргоодо турган, илимий жана эстетикалык баалуулуктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген (бул жаныбарлар капаста тукумдатуу жолу менен алынган же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан сырткары жерден менчикке сатылып алынган жана жаратылыш чөйрөсүнөн алып салынган учурлардан тышкары) жаныбарлардын түрлөрү жеке менчикке берилүүсү мүмкүн эмес.";

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Жаныбарлар дүйнөсүнүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же болбосо сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын тизмегине киргизилген объектилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте зоопарктардын, цирк мекемелеринин жеке менчигинде болушу мүмкүн.";

6) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Жеке жана юридикалык жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы укуктары жана милдеттери Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жалпы жана атайын пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объектилерин жеке менчикте күтүүгө; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы программаларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө; коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүгө; коомдук экологиялык көзөмөл жүргүзүүгө. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин сактоого жана коргоого; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери байырлаган чөйрөнүн бузулушуна жана начарлашына жол бербөөгө; жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууда табигый байырлаган чөйрөнүн бүтүндүгүн бузбаган ыкмаларды колдонууга; өсүп келе жаткан муунга экологиялык тарбия берүүгө көмөктөшүүгө; ушул Мыйзамды жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого.

---

Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111302/st-8)
