Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-03.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 22-марты № 22 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-тиркемеде:
- тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги.";
- 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндөЗакон · 03.06.2026 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндөЗакон · 11.04.2012 · № 32 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндөЗакон · 03.06.2026 · № 80