1-берене
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
2) 5-беренеде:
а) аталышы жана 1-бөлүгү "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацы "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди, инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;";
- 6-пункт "аскердик" деген сөздөн мурда "республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара линияларын жана чек аралык инфратүзүм объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу.";
3) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жерлерди которуунун тартибин аныктайт.";
4) 7-берененин 5-пунктунда ", запастагы жерлерди" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111300/st-1" title="1-берене - Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>