# КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2115/edition/701008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111295

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 16-февралы № 16 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111295/st-1)

"Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 1-статьяда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "табигый дарылык ресурстар - ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо баткактары, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш объекттери жана шарттар;"; бешинчи абзацында "республикалык" деген сөз алып салынсын; алтынчы абзацында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; онунчу абзацында "акционердик, жамааттык, жеке же башка менчиктин карамагында" деген сөздөр "муниципалдык, жеке жана менчиктин башка формасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 2-статьяда:

1-бөлүгүндө "ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдарынан жана" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүгүндө "табигый дарылык жөнүндө" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "мыйзамда" деген сөз "ушул Мыйзамда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер, курорт деп таануу Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор республикалык же жергиликтүү мааниге ээ болушу мүмкүн. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер же курорт деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жердин же болбосо курорттун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.";

5) II главанын аталышында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: курорттук иш жана эс алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырат; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду пайдалануунун ченемдерин жана эрежелерин белгилейт; курортторду санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарынын чек араларын жана режимин белгилейт; курортторду жана курорттук региондорду (райондорду), табигый дарылык ресурстардын чалгындалган запастарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырат жана аларды координациялоо тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) изилдөө, өнүктүрүү жана пайдалануу, сервисти жана эс алуу индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат; Кыргыз Республикасынын курорттук фондунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин, курорттордун жана алардын жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышына, коргоого жана санитардык (тоо-санитардык) коргоону камсыз кылууга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын курорттук фондун кеңейтүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курорттук дарылоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максаттарында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу тартибин аныктайт.";

7) 5-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүндө "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

9) 7-статьянын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

10) 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Табигый дарылык ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.";

11) 10-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

12) 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

13) 13-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат."; 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

14) 16-статьяда "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын ыйгарым укуктуу прокурорлору" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 17-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111295/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
