# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111277)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 31-декабрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2016 года № 214 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2016 год и прогнозе на 2017-2018 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111495)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111277#diff=762544..762545>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2097/edition/762544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111277/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-5

---

1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 8 734 076,9 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы – 360 427,2 миң сом суммасында, 2017-жылы – 500 000,0 миң сом, 2018-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.

(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-6)
