# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111277)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 31-декабрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2097/edition/762544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111277/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө, 14-берене (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-14

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111277/st-15)
