# КР 2015-жылдын 30-декабрындагы № 231 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 30-декабрындагы № 231 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2095/edition/824674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 30-декабрындагы № 231 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111275

---

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-декабры № 231 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111275/st-1)

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьяда:

1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында ", ошондой эле малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Малды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";

2) 26-статьянын 4-бөлүгүндө "саламаттык сактоо" деген сөздөр "ветеринария" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 32-статьяда:

1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Адамдын канынан, канынын плазмасынан, ошондой эле органдарынан, ткандарынан алынган бардык дары-дармек каражаттарында "Адамдын иммунодефицитинин вирусуна козгогучу жок" деген жазуу болот. Кан суулар кайсы жаныбардын канынан, канынын плазмасынан, органдарынан, ткандарынан алынгандыгын көрсөтүү менен; вакциналар - вирустар менен бактериялардын көбөйүшү үчүн пайдаланылган азыктуулугу бар чөйрөнү көрсөтүү менен жүгүртүүгө түшөт."; расмий тилдеги 7-бөлүгүндө "уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики в области здравоохранения" деген сөздөр "уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики в области здравоохранения и ветеринарии" деген сөздөргө алмаштырылсын; мамлекеттик тилдеги 8-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде ветеринардык дары-дармектер катталса же Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана ветеринардык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин тизмегине киргизилсе, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сатып өткөрүү жана колдонуу Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.";

5) 38-статьянын 2-бөлүгүндө "саламаттык сактоо" деген сөздөр "ветеринария" деген сөзгө алмаштырылсын;

6) 44-статьяда:

расмий тилдеги 7-бөлүгүндө "аптеке," деген сөз алып салынсын; мамлекеттик тилдеги 8-бөлүгүндө "дарыканада," деген сөз алып салынсын;

7) 47-статьянын 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111275/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
