Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-декабры № 230 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: преамбуланын 2-бөлүгүндө "ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө (продукцияга, анын ичинде дары-дармек каражаттарына, ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык техникага, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөр "ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө; дары-дармек каражаттарына (продукцияга, анын ичинде ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык багыттагы буюмдарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67