1-берене
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 163.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
2) 9-берененин 2-бөлүгүндө "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;
3) 12-берененин 3-бөлүгүндө "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;
4) 17-берененин 7-бөлүгүндө "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;
5) 23-беренедеги "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111273/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>