# КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2093/edition/824412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111273

---

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 18-декабры № 229 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111273/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";

2) 9-берененин 2-бөлүгүндө "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;

3) 12-берененин 3-бөлүгүндө "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;

4) 17-берененин 7-бөлүгүндө "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;

5) 23-беренедеги "социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111273/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
