1-берене
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-беренеде:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "табигый монополия - товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы;"; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "табигый монополиялардын чөйрөсү - ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын: "киреше - катышуучулардын салымдарын кошпогондо, активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же табигый монополиянын субъектинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы.".
2. 4-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө карата, анын ичинде табигый монополиялар чөйрөсүнө тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен тоскоолдуктарды солгундатуу;".
3. 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Табигый монополиялардын субъекттери ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган бул кирешени өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу.".
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111269/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>