# 2-берене

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111267)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 7-августундагы № 223 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111267/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2087/edition/1232443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111267/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө, 2-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111267/st-2

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүүдө эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөөнүн натыйжасында 2015-жылдын 1-январына чейин түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздары толук көлөмдө эсептен чыгарылат.

2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу төгүмдөрү, каржылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына өндүрүү боюнча соттук акты күчүнө кирген учурда камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111267/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111267/st-3)
