1-берене
Күчүндө · 07.08.2015 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 32-беренеде:
4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү "кызматты өтөө" деген сөздөрдөн кийин "диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан 180 эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө келип түшкөн акчалай каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабына аныкталган, социалдык маанидеги маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жиберилет."; 7-бөлүгү "жаран" деген сөздөн кийин ", диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 35-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "альтернативдик кызматтан" деген сөздөрдөн мурда ", диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 07.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111265/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>