# КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2083/edition/703710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 "Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (06.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 6-августу № 219 Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-1)

Кыргыз Республикасынын Аба кодекси ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-2)

Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыгуучу укук мамилелерине карата колдонулат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-3)

Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында сертификациялоо жана тиешелүү документтерди берүү Кыргыз Республикасынын Аба кодекси жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар менен регламенттелет. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык келтирилүүгө тийиш.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-4)

Аба кодексинин колдонулууга киргизилиши менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актылары күчүн жоготту деп таанылсын: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1483-ХII Аба кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 159-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1484-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 160-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 115 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 425-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-августундагы № 154 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 9, 723-ст.); "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.); Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын мамлекеттик тилдеги 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 964-ст.); "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын расмий тилдеги 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 935-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 181 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 967-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 181 расмий тилдеги Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 935-ст.); "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-июлундагы № 147 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2014-жылдын 5-августундагы № 60).

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-5)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Аба кодекси колдонулууга киргизилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык келтирсин.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111263/st-6)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Аба кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
