# 98-берене. Учууларды орнитологиялык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 98-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-98

---

1. Аэродромдун аймагында иш жүргүзүүчү аэродромдун эксплуатанты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар аэродромдо жана анын айланасында канаттуулардын топтолуусун азайтууга багытталган иш-чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык аткарат.

2. Аэродромдун эксплуатанты канаттуулардын топтолуусу боюнча дайындар базасын жүргүзөт. Дайындар базасын жүргүзүү тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен аныкталат.

3. Тиричиликтин жана өнөр жайдын катуу калдыктарын, өндүрүш, курулуштун, керектөөнүн калдыктарын жана башка таштандыларды жайгаштырууга, топтоого, ошондой эле аэродромдон 15 километрдеги радиуста канаттуулардын топтолуусуна көмөк көрсөтүүчү шарттарды түзүүгө тыюу салынат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-99)
