# 96-берене. Кайрадан курулуп жаткан аэропорттордун аэродромдоруна жакын жайгашкан аймакта тоскоолдуктарды башка жерге которуу, бузуу жана маркирлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 96-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-96

---

1. Тоскоолдук жаратуучу объект менчик ээсинин же объекттин ээсинин макулдугу менен гана аэродромго каражаттарын инвестициялаган юридикалык же жеке жактын эсебинен башка жерге которулат.

2. Эгерде тоскоолдук маркирлөөгө жатса, тоскоолдукка маркирлөөнү жайгаштыруу боюнча милдеттенме жарандык авиация органынын долбоордук-техникалык документациясынын корутундусуна киргизилет. Аэродромго каражат инвестициялаган адам, тоскоолдук жараткан объектти маркирлөө боюнча чыгымдарды тартат.

3. Аэродромду куруу боюнча ишти баштоо жөнүндө уруксат алууга жарандык авиация органына арыз бергенден кийин объект тоскоолдук катары аныкталган учурда, ал курулуш жүрүп жаткан учурда же андан кийин аэродромго каражаттарын инвестициялаган юридикалык же жеке жактын эсебинен башка жерге которулууга, бузулууга же маркирлөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-97)
