# 95-берене. Колдонуудагы аэропорттордун аэродромуна жакын жайгашкан аймактардагы тоскоолдуктарды башка жерге которуу бузуу жана маркирлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 95-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-95

---

1. Аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилиши жана жердеги же борттук навигациялык жабдуулардын иштеши үчүн тоскоолдук түзүшү мүмкүн болгон имараттарды, курулмаларды же объекттерди, байланыш же электр берүү чубалгыларын, кандай гана жабдуулар же каражаттар болбосун аэродромдун районунда курууга, жайгаштырууга, орнотууга же пайдаланууга тыюу салынат.

2. Учуу коопсуздугуна коркунуч түзгөн тоскоолдуктар башка жерге которууга же бузулууга жатат, ал эми күндүзгү жана түнкү мезгилде же көрүнүшү чектелген шарттарда, учуулардын коопсуздугуна таасир этүүсү мүмкүн болгон тоскоолдуктар маркирлөөнүгө тийиш.

3. Колдонуудагы аэропорттордун, аэродомуна жанаша аймакта тоскоолдук болуучу объекттерди которууда же курууда белгиленген эрежелерди бузууга жол берген адам белгилүү мөөнөттө объектти бузууну, башка жерге которууну же зарыл болгон өзгөртүүнү өзүнүн эсебинен жүргүзөт.

4. Аэродромдордун районунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын ээлери түнкү жана күндүзгү маркирлөөчү белгилерди өздөрүнүн эсебинен орнотушат жана тейлешет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-96)
