# 94-берене. Объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду курууну макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 94-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-94

---

1. Аэродромдун аймагына же анын чектеринен тышкары аба кемелеринин учууларынын коопсуздугуна тоскоолдук катары таасир этүүчү объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдугу алынгандан кийин жүзөгө ашырылат.

2. Макулдашуу объекттин менчик ээсинин же ээлик кылуучунун эсебинен мындай тоскоолдукта маркирлөөнү жайгаштыруу милдетин тапшырат.

3. Аэродромго жакын жайгашкан аймактагы чектелген курулуш чөлкөмү жана объекттерди жана курулмаларды курууга макулдук алуу эрежелери, ошондой эле мындай объекттерде жана курулмаларда маркирлөөнү жайгаштыруу эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-95)
