# 92-берене. Долбоордук-техникалык документацияларды макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 92-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-92

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максаттарында аэродромду же аэропортту иликтөөгө, долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана башка жерге которууга каражаттарды инвестициялаган юридикалык же жеке жак аэродромду жана аэропортту иликтөөнү, долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана башка жерге которууну жүргүзүүгө долбоордук-техникалык документацияларды иштеп чыгат.

2. Аэродромду жана аэропортту изилдөөнү, долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана башка жерге которууну жүргүзүүгө долбоордук-техникалык документацияларды кароонун жана макулдашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-93)
