# 87-берене. Аэродромдорду, вертодромдорду жана конуу аянтчаларын пайдалануунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 87-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-87

---

1. Жарандык аэродром, вертодром, алар аэродромдордун жана вертодромдордун реестринде катталган, алардын эксплуатанттарында аэродромдун, вертодромдун жарактуулук тастыктамасы болгон жана аэродром, вертодром боюнча макулдашылган жетекчилиги бар шарттарда иштетилет.

2. Эгерде аэродром, вертодром Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык келбесе, аэродромдун, вертодромдун эксплуатанты алардын иштетүүсүн токтотууга милдеттүү.

3. Конуучу аянтчалар жарандык авиация органында атайын эсепке алынууга тийиш.

4. Жарандык аэродромдорду, вертодромдорду жана конуу аянтчаларын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-88)
