# 83-берене. Аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн жарандыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 83-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-83

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин экипажынын курамына Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.

2. Кыргыз Республикасынын коммерциялык аба ташууларды жүзөгө ашыруучу, авиациялык иштерди аткаруучу авиакомпанияларынын жарандык аба кемесинин экипажынын курамына жарандык авиация органы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда кириши мүмкүн:

1) аба кемесинин тибине кайра даярдоо программасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын авиация персоналын милдеттүү кайра даярдоо менен учуу экипажынын мүчөлөрү - Кыргыз Республикасынын жарандары жок аба кемесинин тибин өздөштүрүү;

2) Кыргыз Республикасында эксплуатациялануучу аба кемесинин тибиндеги кайра даярдалган учуу экипажын окутуу жана машыктыруу.

3. Эксплуатант менен чет өлкөлүк жарандын ортосунда эмгек келишимин түзүү мөөнөтү эки жылдан ашпоого тийиш.

4. Аба кемелеринин учуу экипажынын чет өлкөлүк мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык башка мамлекет тарабынан берилген авиация персоналынын күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органында таануу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-84)
