# 80-берене. Медициналык күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 80-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-80

---

1. Авиация персоналынын ден соолугунун абалын баалоо үчүн медициналык күбөлөндүрүү жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган жарандык авиациянын медициналык мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.

2. Аба кемесинин экипажы, аба кыймылын башкаруу диспетчерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жарандык авиациянын медициналык мекемеси берген, ден соолугунун абалы боюнча алардын иштөөгө жарамдуулугун күбөлөндүрүүчү медициналык корутунду болгон учурда гана аткарат.

3. Жарандык авиациянын медициналык мекемесин тастыктамалоо тартиби, ден соолук абалын текшерүүнүн жол-жоболору, медициналык күбөлөндүрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле авиация персоналына берилүүчү медициналык корутундунун формасы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленет.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-81)
