# 78-берене. Чет өлкөлүк мамлекетте алынган авиациялык персоналдын даярдыгын, күбөлүктөрдү жана квалификациялык белгилерди таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 78-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-78

---

1. Жарандык авиация органы, эгерде даярдык эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлсө жана Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга ылайык келсе, чет өлкөлүк мамлекетте жүргүзүлгөн авиациялык персоналдын даярдыгын тааныйт.

2. Жарандык авиация органы, эгерде Кыргыз Республикасында авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү жана квалификациялык белгилер үчүн белгиленген талаптарга ылайык келсе, алар чет өлкөлүк мамлекетте берилген авиациялык персоналдын күбөлүгүн жана квалификациялык белгилерин тааныйт.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-79)
