# 76-берене. Авиациялык персоналды даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 76-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-76

---

1. Авиациялык персоналды окутуу жана даярдоо авиациялык жогорку жана орто окуу жайларында жана авиациялык персоналдарды даярдоо борборлорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген билим берүү программаларынын, ошондой эле жарандык авиация жаатында эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан жана жарандык авиация органы тарабынан бекитилген окутуу программасынын базасында жүргүзүлөт. Авиациялык окуу жайынын же авиациялык персоналды даярдоо борборунун тастыктамасын берүү, узартуу, колдонууну токтотуп туруу же жокко чыгаруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

2. Окуу жайы тарабынан учуунун шарттарына окшоштурулган машыктыргычтарды колдонууга уруксат жарандык авиация органы тарабынан берилет.

3. Кыргыз Республикасы авиациялык окуу жайлардын, ошондой эле авиациялык персоналды даярдоочу борборлордун тастыктамалоо иш-милдеттерин башка мамлекетке же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдарга берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-77)
