# 73-берене. Авиациялык персоналдын күбөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 73-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-73

---

1. Аракеттери аба транспортунун коопсуздук абалына таасир этүүчү авиациялык персоналда авиациялык персоналдын күбөлүгү, квалификациялык белгилери жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелердин талаптарына ылайык берилген медициналык корутундусу болгондо, кесиптик ишмердикке жол берилет.

2. Авиациялык персоналдын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген адамга берилет. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда авиациялык персонал өзү менен авиациялык персоналдын колдонуудагы күбөлүгүн алып жүрүүгө тийиш.

3. Авиациялык персоналдын күбөлүгүн берүүнүн, аба квалификациялык белгилерин киргизүүнүн жол-жоболору, мындай күбөлүктү жана квалификациялык белгилерди колдонуу мөөнөтү, авиациялык персоналдын күбөлүгүн же квалификациялык белгилерин токтотуу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-74)
