73-берене. Авиациялык персоналдын күбөлүгү
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 октября 2025 года № 206
1. Аракеттери аба транспортунун коопсуздук абалына таасир этүүчү авиациялык персоналда авиациялык персоналдын күбөлүгү, квалификациялык белгилери жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелердин талаптарына ылайык берилген медициналык корутундусу болгондо, кесиптик ишмердикке жол берилет.
2. Авиациялык персоналдын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген адамга берилет. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда авиациялык персонал өзү менен авиациялык персоналдын колдонуудагы күбөлүгүн алып жүрүүгө тийиш.
3. Авиациялык персоналдын күбөлүгүн берүүнүн, аба квалификациялык белгилерин киргизүүнүн жол-жоболору, мындай күбөлүктү жана квалификациялык белгилерди колдонуу мөөнөтү, авиациялык персоналдын күбөлүгүн же квалификациялык белгилерин токтотуу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
01.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каралган квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген адамга алынып салынды: чектелген мөөнөткө берилет. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда авиациялык персонал … Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>