# 7-берене. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 7-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-7

---

1. Ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты, жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) саналат.

2. Жарандык авиация органы өз ишин ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жарандык авиация органы жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.

3. Жарандык авиация органы ушул Кодекстин, башка мыйзамдардын, жарандык авиация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, аба транспорту жаатындагы эл аралык келишимдердин аткарылышына жооп берүүчү адистештирилген административдик орган болуп саналат.

4. Ушул Кодекстин жана башка тиешелүү мыйзамдардын же жарандык авиация жаатындагы эл аралык келишимдердин алкагында жарандык авиация органы жарандык авиация ишине тиешеси бар башка уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга карата административдик чечимдерди кабыл алууга жана эрежелерди, колдонмолорду, нускамаларды, стандарттарды, буйруктарды жана тескемелерди колдонууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-8)
