66-берене. Аудит жана инспекция
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 октября 2025 года № 206
1. Аба кемелеринин, аэродромдордун жана аэропорттордун, күйүүчү май куюучу уюмдардын эксплуатанттарына, аэронавигациялык тейлөө жөнөтүүчүлөрүнө, борттук тамак-аш цехтерине, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдарына, жерде тейлөө боюнча кызматтардын жөнөтүүчүлөрүнө, авиациялык персоналдарга, авиациялык окуу жайларына жана борборлоруна, жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка уюмдарына карата тийиштүү тастыктама, күбөлүк же аларды колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө уруксат берүү процессинде коопсуз учууларды жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу предметине аудит жүргүзүлөт. Аудит жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2. Аэродромдорду жана аэропортторду, күйүүчү май куюучу уюмдарды, аэронавигациялык тейлөөнүн жөнөтүүчүлөрүн, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдарын, жерде тейлөө боюнча кызмат жөнөтүүчүлөрүн, авиациялык персоналдарды, авиациялык окуу жайларын жана борборлорун, жарандык авиациянын медициналык мекемелерин жана жарандык авиациянын башка органдарын иштетүүгө зарыл болгон документацияларга жана анын учуу жана объекттердин, курулмалардын техникалык иштетүүсүнө таандык болгон аба кемесинин жана документациялардын инспекциясы жарандык авиация органы тарабынан учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дайыма көзөмөлдөөнүн алкактарында жүргүзүлөт. Инспекция жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
66-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
01.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…персоналдарга, авиациялык окуу жайларына жана борборлоруна, кошулду: жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка уюмдарына карата тийиштүү тастыктама, … авиациялык персоналдарды, авиациялык окуу жайларын жана алынып салынды: борборлорун кошулду: борборлорун, жарандык авиациянын медициналык мекемелерин жана жарандык авиациянын башка органдарын иштетүүгө зарыл болгон … эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-66" title="66-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>