# 58-берене. Авиациялык кырсыктар тууралуу кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 58-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-58

---

1. Аба кемелеринин эксплуатанттары жана иши учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан адамдар аба кемесин иштетүүдө, тейлөөдө, оңдоодо жана аба кемесин өндүрүшүндө, аэродромдун же аэронавигациялык тейлөө процессинде пайда болгон авиациялык кырсыктар, иштин токтоп калышы, бузулуулар, катачылыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар тууралуу, эгерде мындай кырсык учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этсе же таасир этүүгө мүмкүн болсо, жарандык авиация органына кабарлоого милдеттүү.

2. Жарандык авиация органы авиациялык кырсыктар тууралуу маалыматтарды жыйноону жүзөгө ашырат, авиациялык кырсыктар тууралуу кабарлаган адамдын персоналдык дайындарынын тийиштүү купуялуулугун камсыз кылат, кырсыктар тууралуу кабарды жол-жоболоштурууну жана талдоону уюштурат жана жүргүзөт, кырсыктар тууралуу маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт жана башка мамлекеттердин авиациялык органдары жана жарандык авиациянын эл аралык уюмдары менен маалыматтарды алмашат.

3. Кабарлоого жаткан авиациялык кырсыктар, кабарлоонун жана таркатуунун, коргоонун, сактоонун, колдонуунун жана кырсыктар тууралуу дайындарды алмашуунун тартиби жана дайындар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-59)
