# 57-берене. Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 57-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-57

---

1. Учуулардын коопсуз башкаруу тутуму өзүнө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган жарандык авиация уюмдарынын ишине жана башка маселелерге карата Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасында белгиленген учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлине жетишүү үчүн зарыл болгон уюштуруу түзүмүн, жетекчилик принциптерин жана жол-жоболорду, жоопкерчиликтин иерархиясын жана улантуучулугун камтыйт.

2. Аба кемелеринин, аэропорттордун жана аэродромдордун эксплуатанттары, аба кемелерин техникалык тейлөө уюмдары, аэронавигациялык тейлөө жөнөтүүчүлөрү, аба кемелерин учуу жана техникалык иштетүүнү аткаруучу авиациялык окуу жайлары жана борборлору Учуулардын коопсуздугунун өкмөттүк программасынын негизинде учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун киргизет. Жарандык авиация органы менен макулдашууга, ошондой эле өзгөртүүгө жана толуктоого тийиш болгон учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумунун милдеттүү бөлүгү болуп учуулардын коопсуздугу боюнча жетекчилик саналат.

3. Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун түзүү жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-58)
