# 54-берене. Аба кемесинин атайын учуп өтүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 54-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-54

---

1. Аба кемесинин учууга жарактуулугунун айрым белгиленген ченемдерине ылайык келбегенде, жарандык авиация органы тарабынан мындай аба кемесине тийиштүү техникалык тейлөө жүргүзүлө турган аэродромго чейин, коммерциялык жүксүз учуп өтүүнү аткарууга атайын уруксат берилиши мүмкүн.

2. Атайын учуп өтүүнү аткарууга уруксат берүүнүн алдында жарандык авиация органы аба кемесине жана анын документацияларына текшерүү жүргүзөт жана учуп өтүүнү аткаруу мүмкүндүгүн аныктайт.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-55)
