# 52-берене. Учууга жарактуулук тастыктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 52-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-52

---

1. Учууга жарактуулук тастыктамасы аба кемесинин коопсуз учууларды аткаруу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.

2. Учууга жарактуулук тастыктамасы мөөнөткө берилет жана аба кемеси учууга жарактуулуктун белгиленген ченемдерине ылайык келгенге чейин колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде көрсөтүлгөн аба кемесинин учууга жарактуулугунун белгиленген ченемдерине ылайык келбегенде тастыктаманы колдонуу токтотулуп турат.

4. Аба кемесинин учууга жарактуулугу белгиленген ченемдерге шайкештигин тастыктоо үчүн, зарыл болгон учурда контролдук-сынак учуу жүргүзүлөт.

5. (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Аба кемелерине, анын ичинде жеңил жана өтө жеңил аба кемелерине, колго жасалган жана учкучсуз учуучу аппараттарга учууга жарактуулук тастыктамасын берүүнүн, токтотуп туруунун жана жокко чыгаруунун тартиби, ошондой эле башка чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

7. Жарандык аба кемелеринин учууга жарактуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик жарандык аба кемесинин эксплуатантына жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-53)
