# 49-берене. Техникалык тейлөөгө карата милдеттенмелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 49-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-49

---

1. Аба кемелери техникалык тейлөөдөн өтөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринде катталган бардык аба кемелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу шарттарга ылайык учууга жарактуулукту сактоо боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Текшерүү процессинде шарттарга шайкеш келбестиктер аныкталган учурда, учууга жарактуулук тастыктамасынын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык токтотулуп турат же жокко чыгарылат.

3. Аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн жана комплекттөөчүлөрүн (компоненттерин) техникалык тейлөө, модификациялоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле аба кемесинин белгилүү бир тибин даярдоочунун техникалык шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-50)
