# 43-берене. Кеме документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 43-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-43

---

1. Аба кемесинин бортунда төмөнкүдөй кеме документтери болууга тийиш:

1) аба кемеси катталгандыгы тууралуу күбөлүк;

2) аба кемесинин учууга жарактуулугунун колдонуудагы тастыктамасы;

3) учуучу жана кабиналык экипаждын ар бир мүчөсүнүн тийиштүү күбөлүктөрү;

4) эгерде аба кемеси радио аппаратура менен жабдылса, борттук радио станцияга берилген уруксаты;

5) борт журналы;

6) эгерде ушул аба кеменин бортунда жүргүнчүлөр ташылса, жөнөтүлгөн жана бара турган пункттарды көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси;

7) эгерде аба кемесинин бортунда жүк ташылса, жүккө манифест жана майда-чүйдөсүнө чейинки декларациясы;

8) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде каралган башка документтер.

2. Жеңил, өтө жеңил жана колдо жасалган аба кемелеринин бортундагы кеме документтерине талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-44)
