# 4-берене. Колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 4-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-4

---

1. Ушул Кодекстин жоболору жарандык авиациянын ишинин бардык түрлөрүн, ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттерин жана милдеттерин, аба кемесин эксплуатациялоонун, аба мейкиндигин пайдалануунун, Кыргыз Республикасынын аэронавигациялык тейлөөсүн камсыздоонун жол-жоболорун жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык авиация жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактарга карата колдонулат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык жарандык аба кемелерине, ошондой эле алар кайсы жерде болбосун, Кыргыз Республикасында катталган бардык жарандык аба кемелерине карата колдонулат.

3. Ушул Кодекстин жоболору Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө мамлекеттик авиацияга да карата колдонулат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-5)
