# 36-берене. Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине аба кемелерин киргизүүгө карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 36-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-36

---

1. Башка мамлекеттин аба кемелеринин реестрине киргизилбеген, типтин тастыктамасынын талаптарына жооп берген жана коопсуз аба ташууларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү аба кемеси аба кемесинин эксплуатантынын же аба кемесинин менчик ээсинин арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрине киргизилиши мүмкүн.

2. Эгерде ушул аба кемеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестринен алып салынбаса, Кыргыз Республикасы аба кемесинин башка мамлекетте катталгандыгын тааныбайт.

3. Аба кемесин каттоо, каттоо жөнүндө тастыктаманы берүү, Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин реестрин жүргүзүү, мамлекеттик таануу белгилерин пайдалануу, аба кемесин каттоодон алып салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү Авиациялык эрежелеринде белгиленет.

4. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде аныкталуучу тартипте жарандык авиация органында катталууга жатат.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-37)
