# 34-берене. Аэронавигациялык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Аба](https://aqlex.ai/kg/doc/111262)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 6-августундагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Аба" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262#diff=929268..38005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-26/edition/929267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111262/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Аба, 34-берене (01.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-34

---

1. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык учууларды жүзөгө ашыруучу аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучуларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларды кошпогондо, аэронавигациялык тейлөөнү пайдалануучулар аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.

2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин өлчөмү Жарандык авиациянын эл аралык уюму тарабынан сунушталуучу тажрыйбага ылайык эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111262/st-35)
